25- Август 1982 -жылы Орусиялык жана польшалык ырчы Анна Герман дүйнө салган
Атактуу ырчы Анна Герман 1936-жылы Өзбекстандын Үргөнч шаарында төрөлгөн. Атасы Ойген Герман менен апасы Ирма Мартенс көп кыйынчылыктарды башынан өткөрүшкөн. Анна жаңыдан басып калганда эсепчи кызматын аркалаган атасы 1937-жылдагы репрессияга кабылып, алгач сүргүнгө айдалып, кийин атылып кеткен.
Ирма карыган энеси, Анна, жаңы төрөлгөн уулу Фредерик менен калат. Жер которууну туура көргөн ал Кыргызстанга келип, Орловка айылына отурукташкан. Анна 1943-жылы Таластагы Орловка орто мектебинин босогосун аттайт. Апасы поляк офицери Герман Бернер менен таанышып, чогуу жашап калышат. Бернер Ирманын кыйналганын, бийликтен корунганын көрүп Польшага кетүүсүн суранган. Ирманын улуту немис экени билинип калса, үй-бүлө толугу менен жок болмок. Андыктан алар улутун жашырып, полякпыз деп келишкен. Бернер согушка аттанып, ошону менен дайынсыз кеткен. Катаал күндөрдүн биринде Аннанын иниси Фредерик чарчап калат.
Ирма согуш бүткөндөн кийин үй-бүлөсүн алып Польшага сапар тартат. Алар Вроцлав шаарынан чакан бөлмө алып жашап калышат. Ирма мугалим болуп орношот, Анна мектепке кирет. Анна мектепти бүткөндө сүрөтчү болуу тууралуу оюн ортого салган. Апасы "Сен келечектеги энесиң, сүрөтчүлүк менен балдарыңды бага аласыңбы?" деп каршы чыккан.
Геология факультетинде окуган Аннанын "геолог болом" деген максаты түп-тамыры менен курбусунун үлпөт тоюнда өзгөрөт. Анын жакшы ырдарын билген курбусу тойдо ырдап берүүсүн суранган. Өзгөчө авазы элдин назарына түшөт. Ошондон тарта болочок ырчы студенттердин "Каламбур" театрында иштеп, репетицияларга лекциядан качып бара баштайт. Көп өтпөй алгачкы тушоо кесүү концертин берет.
1967-жылы Анна Герман Сан-Ремо шаарында өткөн фестивалда Италияны багындырган. Ошол замандын атактуулары Доменико Модуньо, Далида, Сонни, Шер, Клаудио Вилланы ашып өтөт. Атак-даңк курчап турганда каргашалуу автокырсыкка кабылат. Анна жол жүрүп бараткан машина жол жээгиндеги тосмого катуу урунуп, ырчы алыска ыргып, бели, эки буту, сол колу сынат. 12 күн эсине келе албай жаткан ырчы улам бир оор операцияны башынан өткөргөн. Үч жылдан кийин гана Анна ооруну жеңип, үй ичинде акырындан баса баштаган.
1972-жылдан тарта ырчы гастролго чыга баштайт. Ушул эле жылы "Үмүт" ("Надежда"), "Бакча гүлдөгөн маалда" ("Когда цвели сады"), "Сүйүү жаңырыгы" ("Эхо любви"), "Күйүп-жан, менин жылдызым" ("Гори, гори, моя звезда") жана башка орус тилиндеги ырларды Польшада жашап, СССРге келип ырдап жүрүп бүткүл Советтер Союзунда атактуулукка жетет.
Илдет менен айыгышкан күрөшкө түшкөн ырчы 1975-жылы уулдуу болот. Атасынын урматына Збигнев-кичүүсү деп ысым ыйгарган. Ошентип ырчы 1980-жылы ракка кабылганын билген. Оорусуна карабай Анна Герман Австралияга гастролго барган. Кайтып келери менен ооруканага жаткан Германга үч оор операция жасалып, бирок ийгиликтүү болбой, 1982-жылы 46 жашында көз жумган. Легендарлуу ырчынын сөөгү Варшавага коюлуп, өзү менен кошо музыкалык ачкыч жана ноталары да көмүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан