29- Август 1966 -жылы Англиялык "Битлз" тобу жыйынтыктоочу концертин элге тартуулашкан
Англиялык "Битлз" тобу жыйынтыктоочу концертин элге тартуулашкан. Бирок, квартет кийинки жылы кайрадан чогулуп, жаңы альбом жаратууга киришет. Алардын тарагандан кийинки жаралган ырлары мурдагыдан да суроо-талабы жогору чыгармаларга айланып, дагы бир өзгөчөлүк катары дүйнөлүк хит-парадда 88 жума катары менен биринчиликти ээлеп турган. Мунун өзү топтун эң таланттуу экендигин далилдеп, күйөрмандарынын дагы көбөйүшүнө жол ачкан. Ал эми квартеттин “Ошондой боло берсин” аттуу акыркы альбому 1970-жылы жаралган. Тилекке каршы, ушул жылдан тартып ар кимиси өз алдынча болууну чечип, “Битлз” толук кандуу чогуу иштөөсүн биротоло токтоткон. Акыркы жолу залкар таланттардын үчөө 1995-жылы чогулушуп, эски ырларын дагы бир ирет жаздырууга жетишишкен. Ал эми топтун жаратуучусу катары таанылган Жон Леннон 1980-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан эле.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан