29- Август 1982 -жылы
Швециялык жана америкалык актриса Ингрид Бергмен көз жумган
Швециялык жана америкалык актриса Ингрид Бергмен өзүнүн туулган күнүндө 67 жаш курагында оор дарттан улам көз жумган.
Ингрид Бергмен 1915-жылы 29-августта Швециянын Стокгольм шаарында туулган. Ал биринчи жолу 1934-жылы Э.Адольфсондун "Граф из Мункбру" тасмасына тартылган. Швецияда ондон ашык фильмге тартылган соң Голливуддан чакыруу алып, 1939-жылы "Интермеццо" тасмасында роль жараткан.
Ингрид Бергмен "Женщина по имени Голда", "Осенняя соната", "Убийство в "Восточном экспрессе", "Цветок кактуса", "Жанна д'Арк", "Газовый свет" ж.б. фильмдерине тартылып, үч жолу "Оскар", үч жолу "Давид ди Донателло", төрт ирет "Алтын глобус", эки жолу "Эмми" сыйлыктарына ээ болгон.