10- Октябрь 1912 -жылы Шабдан баатырдын ашы соңуна чыккан
Шабдан баатырдын ашы 1912-жылдын октябрь айында өткөн. Октябрь айынын жетисинен баштап чакырылган коноктор Кичи-Кеминге агылып, ашка келгендердин аягы 10-октябрда барып соңуна чыккан. Айрым маалыматтарга караганда, ашка 50 миң чамалуу киши келген. Аларды тосуу үчүн Кичи-Кеминге 2500 боз үй тигилип, 10 миң кой, 2 миңдей жылкы союлган. Чүй өрөөнүндөгү конокторду Тынай менен Шамшы болуштугу тосуп, Верный жана Ысык-Көлдөн келгендерди Атаке болуштугу коноктогон. Пишпек уезддик кызматкерлери жана Верный, Пржевальскиден келген жүздөй орус чиновниктерин Шабдандын балдары меймандыкка алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан