25- Октябрь 1985 -жылы Орус эстрада ырчысы Владислав Топалов туулган
Орус эстрада ырчысы, "Smash!!" тобунун экс мүчөсү Владислав Топалов Москвада туулган. Бала кезинен тартып музыка менен алектенип, музыкалык мектепти скрипка классын бүтүргөн. Владды 5 жашында ата-энеси "Непоседы" аттуу балдар ансамблине беришкен. Ал топтон кеткен соң Влад досу Сергей Лазарев менен бирге бир нече ырларды жаздырышкан. Алардын катарында француздардын белгилүү "Notre Dame de Paris" мюзиклиндеги "Belle" аттуу ыры да болгон. Ошондон кийин "Smash!!" тобу түзүлүп, "Belle" аттуу ыры менен белгилүү болгон. Бирок дуэт 2004-жылы тарап кеткен. Ошондон кийин Владислав Топалов жеке ырчы катары белгилүү.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан