10- Декабрь 1970 -жылы Коомдук ишмер Нурлан Мотуев төрөлгөн
Коомдук ишмер, "Таш көмүр падышасы" атыккан Нурлан Мотуев Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн.
1977-жылы Жумгал районунун Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы орто мектепке биринчи класска барып, 1987-жылы аяктаган. Андан соң Орусиянын Тюмень Мамлекеттик университетинин филология факультетине тапшырган. Бул окуусун 1994-жылы бүтүрүп, бир жыл ал жакта жеке ишкерлик менен алектенген.
1995-жылы АКШга жол тартып, 1996-жылы Вашингтон шаарындагы Дипломаттык тилдерди тейлөө институтуна тапшырган. Институтту 1999-жылы аяктап, АКШнын мамлекеттик департаментинде дипломаттарга кыргыз, орус тилдеринен сабак берип, эмгек жолун баштаган. Ошол эле учурда “Асаба” гезитинин АКШдагы кабарчысы болуп ишке кирген. 1999-жылы 14-июнда бул гезитке анын Акаевди сындаган алгачкы макаласы жарыкка чыккан.
2001-жылы өз мекенине кайтып келээри менен оппозициячыларга кошулуп, Элдик патриоттук кыймылын түзгөн. Көпчүлүккө Кыргызстандагы радикалдык оппозициянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары да жакшы таанылган.
2005-жылы 24-марттагы окуядан кийин “Каракече” көмүр кениндеги “Ак улак” мамлекеттик акционердик коомунун башкы мүдүрү болуп иштей баштаган.
2006-жылдын май айларынан 2007-жылдын апрелине чейин “мамлекетке материалдык зыян келтирген” деген күнөө менен камалып, СИЗОдо отурган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан