26- Февраль 2015 -жылы Мистенин эл аралык майрамы
Мистенин даамын адам баласы биздин эрага чейин 7000 жыл мурун эле таткан. Ирандыктар мистени оозу ачык болгондуктан "жылмайган жаңак", кытайлыктар "бактылуу жаңак" дешсе, кыргыздар "жашыл алтын" деп аташат.
Түркия дүйнө элинин тең жарымынан көбүн мисте менен камсыздап келет. Калифорнияга эксперимент катары тигилген мистенин жашыл бадам сорту эң баалуу деп эсептелинет.
Эл арасында "Мистени баалуу идишке салып үйгө коюп койсоң, ал байлык жана ийгилик чакырат. Ал эми анын эки данын кызыл жибекке ороп, көздөн далдоо жерге койсо бакыт алып келет" деген ишенимдер жашайт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан