24- Февраль 1892 -жылы советтик жазуучу-романист Константин Федин туулган
Совет адабиятына негиз салган көрүнүктүү жазуучу-романист, маданияттын ишмери, академик Константин Федин Саратов шаарында мещандын үй-бүлөсүндө туулган. Алгач соода окуу жайынан окуп, кийин Москвадагы соода институтунун экономикалык бөлүмүн бүткөн. Ал студент кезинде эле немец тилин терең өздөштүрүүнү максат кылып, 1914-жылы Германияга барган. Ал жактан империалисттик согуштун капсалаңына туш келген. 1918-жылы өз мекенине кайтып келип, Эл агартуу комиссариатында, Волга боюндагы “Сызранский коммунар” газетасында редактор болуп иштеген.
1910-жылдан баштап чыгармачылык иши башталган, бирок жазуучу 1918-1920-жылдарга таандык деп эсептеген. Ошол жылдары өтө орчундуу саясий темаларга арналып жазылган анын макалалары, очерктери, аңгеме-фельетондору басма сөздөрдө үзгүлтүксүз жарыяланып турган.
1923-жылы "Ээн жер" деген ат менен туңгуч ангемелер жыйнагы жарыяланып, 1924-жылы жазган "Шаарлар жана жылдар" деген романы антифашисттик чыгарма делип, Германияда немецтер тарабынан өрттөлүп жоготулган. Жазуучу мындан башка да "Вяжно таңы", "Трансваль", "Дыйкандар" аттуу аңгеме-повесттерин, "Бир туугандар", "Европанын уурдалышы", "Арктур санаторийи" деген өтө курч сатиралык маанидеги романдарын жазган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде "Сүйүүнү сыноо" пьесасын, "Калк жашаган бир нече кыштактар" аңгеме жыйнагын, "Ленинград менен кездешүү" деген очерктер циклин, 1943–1948-жылдар аралыгында тарыхый үчилтиктин эки китебин "Алгачкы кубанычтар" жана "Бөтөнчө жай" романдарын жазды. Бул чыгармаларында 1910–1919-жылдардагы окуялар кеңири баяндалган. Коомчулук тарабынан чыгарма жогору бааланып, кызуу колдоого алынган бул романдары үчүн 1949-жылы ал Мамлекеттик сыйлыкты алууга татыктуу болгон.
Үчилтиктин акыркы китебине "Шамал чыракты өчүрөт да, жалынды алоолонтот" деп эпиграф катары алган сөзү катаал согуш учурундагы тагдырларды сүрөттөгөн чыгарманын негизги оюн даана баяндаган эки бөлүктөн турган "Жалын" романын жазган.
Чыгармаларында нравалык бийиктик, гуманизм идеялары көркөм изилдөөлөр менен ажырагыс тыгыз байланышта. Адабият жанрын өнүктүрүүдө көрүнүктүү эмгеги жана ишмердүүлүгү үчүн 1967-жылы жазуучуга Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наам берилген.
4 жолу Ленин, Октябрь Революциясы, 2 ирет Эмгек Кызыл Туу, ГДРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган.
Константин Федин 1977-жылы 85 жашында Москвада дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан