23- Январь 2017 -жылы  Кол жазманын бүткүл дүйнөлүк күнү
 Кол жазманын бүткүл дүйнөлүк күнү. Бул майрам кол жазманын уникалдуулугун, ар бир адамдын жазуусу кайталангыс, башка эч кимдикине окшошпойт экендигин эске салуу максатында Жазууга керек болгон куралдарды чыгаруучулардын ассоциациясы тарабынан негизделген. Бул күн АКШнын көзкарандысыздыгы жөнүндөгү декларацияга биринчи болуп кол койгон көрүнүктүү америкалык мамлекеттик ишмер Жон Хэнкоктун (1737-1793) туулган күнүнө карата майрам катары тандалып алган. Адамдын кол жазмасы индивидуалдуу жана анын психикасынын абалына, жаш өзгөчөлүгүнө, мүнөзүнө, жынысына байланыштуу болот. Ал эми мындай өзгөчөлүктөрдү графология илими изилдейт.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан