10- Август 1990 -жылы Түштүк Кореянын актрисасы Ли Сон Кён төрөлгөн
“Мышыктын көздөрүндөй, болпойгон илептери, ай-ий, кетирекей мурдучу...” Түштүк Кореянын актрисасы Ли Сон Кёнго суктангандар адатта ушундай комментарийлерди калтырышат. Уникалдуу сулуулугу жана сымбаттуу мүчө-келбети менен айырмаланып турган атактууну эгерде дорама сүйүүчү болсоңуз, “Оор атлетиканын периси Ким Бок Чжу” сериалында аткарган ролу аркылуу эстей аласыз. Аталган сериалдан кийин актриса өз өлкөсүндө эл сүймөнчүгүнө айланганын айта кетүү керек. “Мен карьерам бою көрүүчүлөрдөн бир да жолу мынчалык көп мактоо уккан эмесмин. Ушундай колдоо кийин дагы кайталанабы деген да ойлор келди”, - деген Ли Сон Кён маектеринин биринде. Жогорудагы сериалдан тышкары “Капкандагы сыр”, “Баары жакшы бул сүйүү”, “Врачтарга” да тартылган. Жеке жашоосуна келсек, актриса тууралуу өтө көп ушактар чыгып турат. “Кээде өзүмдү бир учурда жүз жигит менен жүргөндөй сезип кетем. Мунун баары жадатат. Азыр үйдө болуп калсам, дээрлик сыртка чыкпайм. Чыксам да, жүзүмдү жашырып чыгууга туура келет”, - деген атактуу. Бирок “Оор атлетиканын периси Ким Бок Чжу” сериалынан кийин актриса анда чогуу тартылган актёр Нам Жу Хёк менен кыз-жигит экендиги тууралуу маалымат чыккан. Жана бул маалыматты өздөрү да тастыкташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан