29- Август 1958 -жылы Америкалык ырчы, бийчи жана композитор, поп-музыканын падышасы Майкл Жексон туулган
Америкалык ырчы, бийчи жана композитор Майкл Жексон Гэри (штат Индиана, АКШ) шаарында туулган. Үй-бүлөдө жетинчи бала болгон. Ата-энеси Жозеф жана Кетрин Жексондор балдарын катуу тартипте кармашкан. Чыгармачылыкты Майкл 1964-жылы баштаган.
Поп-музыканын тарыхында эң ийгиликтүү ырчылардын сап башында турган Майкл Жексонду "Поп-музыканын падышасы" деп аташкан. Ал 15 Грэмми жана башка жүздөгөн сыйлыктардын ээси болгон. Ал "Гиннес" рекорддор китебине 25 жолу кирген. Мисалы, 1985-жылы ырчынын "Thriller" деген альбому жарык көргөн. Ошол альбому 104 миллион диск менен чыгып, дүйнө жүзү боюнча эң көп нускалуу альбом катары "Гиннес" рекорддор китебине кирген.
Майкл Жексон 2009-жылы расмий түрдө Американын легендасы жана Музыканын иконасы деп жарыяланган.
Поп-музыканын падышасы Майкл Жексон 2009-жылы 25-июнда 50 жаш курагында Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон. Поп-жылдыз ооруну сездирбөөчү дарыны ашыкча ичип алганы белгилүү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан