10- Декабрь 1775 -жылы Орусиянын Астрахань аймагына жер которгон кыргыздар Екатерина IIге кат аркылуу кайрылышкан
Жуңгарлардын батышка сүрүлүшүнөн улам Орусиянын Астрахань аймагына жер которгон кыргыздар орус ханышасы Екатерина IIге кат аркылуу кайрылышкан. 
Кыргыздардын катында, жунгарлардын сүргүнүнө чейин алар Теңир-Тоонун Аксуу жана Анжыян жерлеринде жашагандыгы, башында алар Кытайлардын жалпы башкаруусундагы калмактардын Хон тайшисине баш ийгендиги кабарланат. Алар адегенде калмак коңтайшисине кушчулук кызматты аркалашкан. Кытай мамлекети 1758-жылы калмактарды талкалап, Чыгыш Түркстанга киришкенде кыргыздар калмактар менен кошо Орусия империясынын Борбордук аймагына качышкан. Кыргыздар Астраханга жер которушкандан кийин алар Хажи Тархан башкарган мусулмандар жашаган аймакка бөлүнүшкөн. Андан соң алардын маселеси Астрахань губернатору Бикетовдун колуна өтүп, губернатор кыргыздарга опсуз кыйноолорду көрсөткөн. Кыйноо азабын чеккен кыргыздар Екатерина II акыйкаттык үчүн арачы түшүшүн өтүнүшкөн. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан