22- Январь 1969 -жылы Советтик Армиянын кичи лейтенанты Виктор Ильин Леонид Брежневдин өмүрүнө кол салууга аракет жасаган
Советтик Армиянын кичи лейтенанты Виктор Ильин космонавттар менен кезигүүсүндө КПСС БКнын Генералдык катчысы Леонид Брежневдин өмүрүнө кол салууга аракет жасаган. Бирок Виктор Ильин ок чыгарган унаада Леонид Брежнев болгон эмес. Ал унаада космонавттар Леонов, Николаев, Терешкова жана Береговой отурган. Виктор Ильин эки колундагы эки куралдан алты секунданын ичинде 11 жолу атканга үлгүргөн. Андан унаанын айдоочусу Илья Жарков каза таап, калганы жеңил жаракаттарды алышкан. Виктор Ильин КГБнын адамдары тарабынан колго түшүрүлүп, 1970-жылы психикалык жактан оорулуу деп табылып Казандагы атайын психиатриялык ооруканага жаткырылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан