10- Октябрь 2004 -жылы америкалык актёр Кристофер Рив көз жумган
Америкалык актёр Кристофер Рив 52 жашында жүрөк оорусунан улам көз жумган.
Ал 1978-жылы "Супермен" тасмасында супермендин ролун жаратып, атактуулукка жеткен. Ал актёрлуктан сырткары, театрда иштеп, документалдык тасмаларды тартып, илимий жана коомдук иштер менен да алектенген. Музыкага жакын болуп, пианинодо ойночу. Андан сырткары, спортчу, каскадёр, яхтсмен, аквалангист, дельтапланерист да болгон.
1995-жылы 27-майда аттан кулап, моюн омурткасын сындырып алып, шал болуп калган. Оор операцияны башынан өткөргөн Кристофер Рив кыймылдамак турсун өз алдынча сүйлөй алган эмес. Атайын аппараттын жардамы менен сүйлөгөн актёр ооруга моюн сунбастан коомдук жана башка иштерге активдүү катышып, жубайы менен биргеликте шал болуп калган адамдар үчүн атайын борбор да ачкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан