27- Ноябрь 1894 -жылы япон ишкери Коносукэ Мацусита төрөлгөн
Япон ишкери, үйгө керектүү электрониканы чыгаруучу "Panasonic" бренди менен таанымал "Matsushita Electric" компаниясын негиздеген Коносукэ Мацусита Васамурада төрөлгөн.
1910-жылы "Osaka Light" компаниясына ишке орношуп, 7 жыл иштейт. Ал жакта электр куроочунун жардамчысы болот. Бай ишкерлердин үйлөрүнө электр өткөрүп, театрларды кинотеатрга өзгөртүү иштерине катышкан. Башчысын өзүнүн ойлоп тапкан электр вилкасына көңүл бурдургусу келет, бирок ишке ашпай, жумушунан чыгып кетет.
1917-жылы 15-июнда Коносукэ штепсель вилкаларын сатуу боюнча "Matsushita Electric" компаниясын ачат.
1923-жылы Коносукэ 40 саатка чейин иштеген велосипеддин лампаларын, андан соң столго коюлуучу лампаларды жасап сата баштайт. Ошентип, компаниянын биринчи "National" бренди ишке кирген. 1951-жылы Коносукэ АКШга барып, ал жактын өнөр жайы менен таанышат. "Philips" концерни менен келишим түзүп, "Panasonic" брендин негиздеген.
Коносукэ Осакада 1989-жылы 21-апрелде каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан