8- Декабрь 2001 -жылы "Ералаш" балдар киножурналын жаратуучулардын бири, орусиялык жазуучу, драматург жана сценарист Александр Хмелик каза болгон
"Ералаш" балдар киножурналын жаратуучулардын бири, орусиялык жазуучу, драматург жана сценарист Александр Хмелик 76 жашында көз жумган.
Ал 1925-жылы 7-сентябрда СССРдин Алупка шаарында туулган. Москва полиграфиялык институтунда сырттан окуп, Бүткүл союздук радиодо, "Пионерская правда" гезитинде, "Вожатый" журналында иштеген. Ошондой эле "Мосфильм" киностудиясынын "Юность" чыгармачылык бирикмесинде башкы редактор болуп эмгектенген. Адабий ишмердүүлүгүн 1948-жылы баштап, "Колька, досум!" деген аталыштагы пьесасы менен белгилүү болгон. Ал балдар үчүн кино жана телефильмдердин сценарийлеринин автору.
Режиссёр Алла Сурикова Коммунисттик партиянын Борбордук комитетине кайрылып, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн балдарга арналган “Фитилёк” аттуу аналогун тартууга уруксат алып, бирок бул идеясын ишке ашыруу көпкө созулган эмес. Анда долбоорду Александр Хмелик менен Борис Грачевский колго алышкан. “Фитилёк” деген ат Грачевскийге да, Хмеликке да, “Фитиль” көрсөтүүсүнүн авторлоруна да жаккан эмес. Ошондуктан балдарга арналган көрсөтүүгө жаңы аталыш ойлоп табуу керек эле. Татыктуу ат таба албай баштары катып турганда Хмеликтин 7-класста окуган кызы Наташа “Ералаш” деген атты сунуш кылган. Ошентип, киножурналдын тушоосу кесилип, сериялар биринин артынан бири тартыла баштаган.
1974-1987-жылдары Александр Хмелик Максим Горький атындагы киностудияда башкы редактордун орун басары, "Ералаш" киножурналынын башкы редактору болуп иштеген. Ал эми 1976-жылдан 1986-жылга чейин Кинематографисттер союзунун башкармалыгынын мүчөсү болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан