25- Май 1971 -жылы орусиялык ырчы, актриса Кристина Орбакайте төрөлгөн

Кристина Эдмундовна Орбакайте Москвада төрөлгөн. Атасы цирк артисти Миколас Эдмунтас Орбакас жана апасы белгилүү орусиялык ырчы Алла Пугачёва. Ата-энесинин гастролдоруна байланыштуу балалыгы Литвада жана Москвада өткөн.  

Биринчи жолу 1978-жылы Кристина "Шайыр ноталар" телеберүүсүндө "Күн жылмаят" аттуу ырды аткарып чыккан.  Ага катар эле актёрлук карьерасы да башталып, 1983-жылы "Карачкы" ("Чучело") тасмасына тартылган.

Киноактриса катары "Виват, Гардемарины!", "Гардемарины-III", "Кайрымдуулук балы", "Лимита" тасмаларына тартылган.  

1995-жылы өзүн театр актрисасы катары сынап, "Кереметтен кийинки дүйшөмбү" аталышындагы спектаклде роль ойнойт. 

 1996-жылы Орбакайте  Алла Пугачёва, Филип Киркоров жана Владимир Пресняков менен биргеликте АКШга концерт коюуга чыгышат. Ошол жылы күзүндө "Нөл саат нөл мүнөт" аталышындагы альбому чыгат. 2006-жылы Кристина Орбакайте менен Гоша Куценко бирге комедиялык ("Любовь-морковь" тасмага тартылышкан.  Андан кийин 2014-жылы "Төрт ханбийкенин сыры" аттуу тасма чыккан. Анда ырчы башкы ролду аткарган. 

Жеке жашоосу.

1986-жылы Владимир Пресняков менен таанышып, жарандык никеде экөөнүн ортосунда 1991-жылы  Никита аттуу уул жарыкка келген. 1997-жылы Кристина  Пресняков менен эки жолго түшөт. Ырчы ишкер Байсаров менен сүйүү мамилесин куруп 1998-жылы Дени аттуу уулдуу болгон. Экинчи сүйүктүүсү менен 2003-жылы ажырашкан. Бир жылдан соң Майамиде Михаил Земцов аттуу ишкер менен таанышып, 2005-жылы алар мамилесин мыйзамдаштырган. 2009-жылы Орбакайте экинчи күйөөсү Байсариев менен уулу Денинин артынан соттошуп жүрүшкөн. Байсариев уулун Чеченстанга алып кетип калган. Кийин тараптар сүйлөшүп, өз ара макулдашып алышкан. 2012-жылы Кристина Орбакайте менен Михаил Земцов Клавдия аттуу кыздуу болушкан. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан