28- Май 1938 -жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин биринчи төрагасы Абдыкадыр Орозбеков каза болгон
Кыргыз мамлекетин негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу комитетинин биринчи төрагасы, коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбеков 1937-жылы репрессия капшабына кабылып, 1938-жылдын 28-майында “Туран” улуттук партиясынын мүчөсү” деген жалган айып менен атып өлтүрүлгөн. Абдыкадыр Орозбеков каза болгондон 18 жылдан кийин, 1956-жылы реабилитацияланган.
Абдыкадыр Орозбеков 1889-жылы Фергана облусунун Маргалан уездинин Охна кыштагында туулган. Ал мамлекеттик саясий ишмер катары Кыргыз жеринде Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. Кыргыз АССР Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы (1927-1937), 1909-1916-жылдары наабайканада жалданып иштеген. 1916-жылдагы көтөрүлүштүн башталышына жигердүү катышкан. 1917-жылдагы Андижан шаарындагы нан бышыруучу ишкананын жумушчуларынын кыймылына жетекчилик кылган. Мастерлердин, жумушчулардын жана кызматчылардын Фергана профсоюз башкармасынын мүчөсү болгон. Совет бийлиги орногондон кийин Кызыл гвардия кошуунунун командири болуп туруп, Фергана шаарынын ишканаларын, шаардын чет жакаларында коргонууну уюштурган. 1919-1923-жылдары Чимион жана Вуадил райондук революциячыл комитеттин, Мархамат райондук комитетинин төрагасы, Маргалан уездик аткаруу комитетинин президиумунун мүчөсү болгон. 1924-1925-жылдары Ош округдук революциячыл комитеттин жер бөлүштүрүү бөлүмүнүн башчысы, 1925-жылдан тартып РКПнын округдук комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген. Кыргыз автономиялык облусунун облустук аткомунун 1-пленумунда Облаткомунун Президиумунун төрагалыгына шайланган.
Абдыкадыр Орозбеков Түркстан Республикасынын Алтындын белгиси, Эмгек Кызыл туу ордени жана ысымы жазылган курал менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан