29- Март 1886 -жылы америкалык фармацевт, полковник Жон Пембертон тарабынан Кока-Коланын алгачкы рецеби ойлоп табылган
АКШнын Атланта шаарындагы фармацевт, полковник Жон Пембертон тарабынан Кока-Коланын алгачкы рецеби ойлоп табылган.
Американын Жоржия штатындагы Атланта шаарында жашаган Жон Пембертон аттуу фармацевт өз алдынча өзгөчө сироп жасаган. Сироп даяр болгондон кийин өзүнүн бухгалтерин чакырып, жаңы ачылыш менен тең бөлүшкөн. Сироп алгач таттуу жана коюу болчу. Алар заматта анын эмнеден жасалышын кагаз бетине түшүрүп коюшкан. Даяр болгон сиропту "Жейкобс" аттуу дарыканасына алып барышканда, алар сиропту газдалган суу менен аралаштырышкан. Алгач суусундукту көңүл чөккөндөргө каршы дары катары пайдаланышып, ал тургай кээ бири бул сиропту импотенциядан да айыктырат деген ишенимде болушкан. 
Кока-Коланын курамындагы химикалык заттар тууралуу айта турган болсок, анын 90% газдалган суудан, кум шекерден, фосфор кислотасынан, кофеинден, кола жаңгагынан турса, 1% табышмактуу "Мерхандиз-7"аттуу химикалык зат болгон. Анын эмнеден турган зат экендигин, ошол жерде иштеген 10 киши гана билген. 1902-жылдан тартып, коом суусундуктун курамында кокаиндин бар экендигин түшүнгөн соң, заматта массалык-маалымат каражаттары Кока-Кола компаниясын "атакалай" баштаган. Ал эми 1903-жылдан тартып коланын кургатылган жалбырагынан жасай башташкан. Анткени, анын курамында наркотик жок болчу.
Америкалык журналист Рич Бахлер илимий фактылар жана эксперименттер менен Кока- Коланын ден соолукка зыян экендигин даңазалаган. Абдан газдалган суусундуктарды, тактап айтканда: Кока-Кола, Спрайт, Фанта ж.б ичеги-карыны ооруган адамдарга колдонууга врачтар катуу тыюу салган. Анткени, анын курамында фосфор кислотасы бар, ал организмди кальцийдин жетишсиздигине алып келет да, ашказандын зилин көбөйтөт. Ашказанда жара пайда болуп, гастрит же зарна болот. Анын курамында газ, боёк химикаттар болгондуктан, ден соолукка абдан зыян.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан