Кыргыз жеринде өндүрүштүк жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштерин мыйзамдаштыруу демилгеси парламентте колдоо тапты

Кыргыз жеринде өндүрүштүк жардыргыч заттарды сатуу, ташуу, сактоо иштерин мыйзамдуу жолго салуу демилгеси парламентте колдоо тапты.

Тийиштүү мыйзамга ылайык, өндүрүштүк багыттагы жардыргыч материалдарды жүгүртүү үчүн мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөл бөлүгүндө аталган агенттиктин, Ички иштер министрлигинин, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Экономика министрлигинин ортосундагы иш-милдеттерди кайрадан чектөө каралган.

Андан сырткары жеке жактардын жардыргыч материалдарды жүгүртүүсүнө уруксат берүүнү белгилеген жоболор, жардыргыч материалдарды сатып алуу, сатуу, ташуу, сактоо, колдонуу, жок кылуу жана алып коюу тартиби, ошондой эле жардыргыч материалдарды жүгүртүүгө байланыштуу чектөөлөр аныкталууда.

Документ эми президенттин кол коюусуна жиберилет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан