"2016-жылдан баштап оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салынышы туура" дейт депутат Исаев

Парламент депутаты Жусупали Исаев өлкөгө оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынышын колдой турганын айтып, "мындай кылбаса, өлкөдө таптакыр баш аламандык болуп кеткен эле" деп билдирди. Депутат узак жылдардан бери чечилбеген көйгөйдү чечип, парламент да, президент да олуттуу кадамга барганын айтат. 
"Мыйзам күчүнө киргенге чейин өлкөгө киргизилген автоунаалар өз ресурсу бүткөнгө чейин колдонула берет. Бирок мыйзамдын талабына ылайык, 2016-жылдын 1-январынан баштап оң рулдуу автоунааларды жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат. Мындай тартип калкыбыздын коопсуздугун коргоо максатында киргизилди",- деп Исаев.
Депутат кыргыз мамлекети эгемендик алгандан бери "оң жана сол рулдуу автомобиль" деген түшүнүк гана эмес, автотранспорт жөнүндө мыйзам болбогонун кошумчалады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан