Жылнаама, 6-март: Мындан 51 жыл мурун бокс боюнча Дүйнө чемпиону Кассиус Клей исламды кабыл алып, өзүн Мухаммед Али деп атаган

* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун аяктап, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинен музыка мугалими боюнча адистикке ээ болгон. 1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы Т.Үмөталиев атындагы №67-мектеп-гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата - Арашан" элдик ансамблинин жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисткасы. Сахнага алгач К.Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан. 2008-жылы май айында "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" деген наамды алган. Ал эми 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган.
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы “Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуучу борбордо иштеген АКШнын 200дөй аскер кызматкери кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткен. Аталган объект кыргыз жеринде 2001-жылдын декабрь айында Питер Ганси атындагы борбор деп ачылган. 2009-жылы бул мекеменин аты “Манас” транзиттик жүк ташуучу борбору деп өзгөртүлгөн. Буга чейин авиабазада АКШнын 1400 аскер кызматкери иштеп келген. Аталган борбор 2014-жылдын июль айынын ортосунда кыргыз мамлекетинен толугу менен чыгарылмак. Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлсө, калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи болгон.
* Мындан 116 жыл мурун, 1899-жылы немис химиги Феликс Хоффман аспиринге патент алган. Окумуштуу кызыл жүгүрүк менен ооруган атасына жардам берүү максатында иликтөөлөрдү жүргүзүп, буга чейин 6 ай мурун ацетилсалицин кислотасынын дарылык касиетин ачкан.
* Мындан 78 жыл мурун, 1937-жылы Советтер Союзунун Баатыры, биринчи аял-космонавт, генерал-майор, коомдук ишмер Валентина Терешкова Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большое Масленниково кыштагында келгин беларустун үй-бүлөсүндө туулган. 1955-1960-жылдары Ярославль жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуп, 1959-жылдан тартып Валентина Терешкова Ярославлда парашют спорту менен алектене баштаган. Ошол эле учурда текстиль ишканасында жумушчу болуп иштеген. Ал 1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталат. 1963-жылы 16-июнда Терешкова "Восток-6" кемеси менен космоско аттанып, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулган. Терешкованын шартуу ысымы Чайка (Ак чардак) болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.
* Мындан 51 жыл мурун, 1964-жылы бокс боюнча Дүйнө чемпиону Кассиус Клей исламды кабыл алып, өзүн Мухаммед Али деп атаган. 
Олимпиада чемпиону (1960), профессионалдар арасында 3 жолку Дүйнө чемпиону аталган америкалык мушкер Мухаммед Али 1942-жылы 17-январда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарында төрөлгөн. 1981-жылы боксту биротоло таштагандан кийин Мухаммед Али коомдук маселелер менен алек боло баштаган. Легендага айланган Мухаммед Алинин Паркинсон илдетине кабылгандыгы аныкталган. Эл арасында бул ооруну калтырак паралич же шал деп айтышат. Мындай ооруга кабылган адамдардын жүзү жансыз бет кап сымал болуп, басуусу оорлошуп, үнү акырын жана монотондуу болуп калат. Бул оору адамдарга көбүнчө улгайган курагында келсе, Али 40 жашка чыга элегинде кабылган. Али дарыгерлер диагноз койгондон кийин дагы 2 жолу профессионалдык беттеш өткөрүүгө жетишкен. Бирок экөөндө тең жеңилип, чоң спортту таштоого аргасыз болгон. Ал бул ооруга кабылып калса дагы, 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарынын отун жаккан.
6-мартта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан