Аба ырайы, 20-апрель: Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт
20-апрелде көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +20°C, түнкүсүн +12°C
Талас облусу. Күндүз +17°C, түнкүсүн +9°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +19°C, түнкүсүн +13°C