Алмазбек Атамбаев: “Мурда аскерлер өтүгү жок отурушса, эми мамлекет армияга башкача мамиле жасайт

"Мурда аскерлер өтүгү жок отурушса, эми мамлекет армияга башкача мамиле жасайт",- деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев 26-майда Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарчасында 52870-аскердик бөлүмдүн ачылыш аземинде. Анын билдиришинче, учурда аскерлер жаңы формага ээ болуп, айлык маяналары жыл сайын көтөрүлүүдө жана алар үчүн атайын турак жайлар курулууда.

Жакында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада өткөн парадда кыргыз жергесинин жоокерлери, менин оюмча, эң жакшы өтүштү. Мен сиздерге абдан ыраазымын. Биз билебиз, кыргыз жоокерлери куралы жок болсо да, мекен үчүн өлүп бергенге даяр. Сиздердин мындай патриоттук сезимдериңиздерди урматтап, мамлекет колдон келгенин жасайт. Анткени чыныгы жоокердин мекенин коргоодон башка маселеси жаралбашы керек. Сиздерге деп турак жайлар курулууда. Мына быйыл миң тонна курал-жарак алынып келинди жана дагы келгени турат. Сиздерде кайда жашайм, баламды кайсы бала бакчага алып барам жана башка ушул сыяктуу маселелер жаралбашы үчүн болгон аракетибизди жасоодобуз”,- деди мамлекет башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан