Төрага Жээнбеков кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк алкагында өнүгүп жаткандыгын айтты

Төрага Асылбек Жээнбеков расмий иш сапарынын алкагында 26-майда Москвада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушуп, анда мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтык жана парламент аралык өнөктөштүк баарлашуунун өзөгүн түздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.
Жээнбеков расмий иш сапардын өтө жогорку деңгээлде уюштурулганы үчүн Орусия тарапка ыраазычылыгын билдирип, кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы мамиле стратегиялык өнөктөштүк алкагында өнүгүп жаткандыгын айтты.
Ошону менен катар ал парламент аралык кызматташтык жаңы нукка бурулганын, Нарышкиндин 2013-жылдын 7-октябрында кыргыз жерине расмий келип кетиши эки тараптуу карым-катышты чыңдоого салым кошконун баса белгиледи. "Жогорку Кеңеш менен Орусиянын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташтык боюнча парламент аралык комиссия жемиштүү иштеп жатат. Буга комиссиянын быйыл 27-28-апрель күндөрү Ош шаарында кезектеги VI жыйынынын жогорку деңгээлде өткөнү далил",- деди төрага. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан