2 жаштагы Ибрагим кайрадан ооруканага жаткырылды

2 жаштагы Ибрагим кайрадан ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги 
№3-балдар ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбеков 1-июнда билдирди. Анын айтымында, Ибрагим учурда №3-балдар ооруканасында дарыланууда, абалы азыр дурус. 
"Эч кандай кооптонуу жок. Болгону баланы карап жаткан өгөй апасынын бир баласы ооруп калып, Ибрагим экөөнү ооруканага жаткырышты. Бирок Ибрагимге бир аз инфекция жугуп калыптыр. Дарыланып бүткөндө үйүнө чыгарылат",- деди Шайбеков. 
Айта кетсек, 11-январда Ибрагим катуу сабалып ооруканага жаткырылган. 2 айга чукул убакыт өзүнө келе албай комада жаткан. Кийин абалы жакшырып, май айынын башында үйүнө чыгарылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Bektur2
2015-06-01 15:01:33
Тезирек сакайып кетсин озунун эле иммунитети жакшы болбосо жанына ойноп жургон баланы киргизбей эле койсо болмок кочодон ойноп канча деген инфекция вирустарды алып келип жатат
+1
Apsi
2015-06-01 15:14:18
Bektur2,кантип киргизбей коймок эле?эки баланы озунчо кантип бакмак эле?кызык,суйлойт десе эле суйлой бересин да оозун менен орок оруп)))))) кечир катуу тийсе!
+1
Bektur2
2015-06-01 15:24:35
Apsi,Озунчо болмого сакайгыча караса болот да карайм деген киши карайт баланын ден соолугун ойлосо. Эгер сга окшогон кайдыгер адам болсо анда айла жок.
+2
Apsi
2015-06-01 16:48:39
Bektur2,оо кокуй кун ой,сен озу бала багып кордун беле?уйдо эки балан болсо алар жаш болсо.анан экоосун 2 башка болмого камап сен ооруп атасын деп тушундуруп корчу!!?
+2
Bektur2
2015-06-02 09:16:43
Apsi,Менин 3 балам бар бири боткин болгондо экону жолотпой эле дарылаганбыз эко ооруган эмес жана оорубай эле койсун. Баланы эркелеткенди жана катуу тарбиялаганды да билиш керек.
0
windom
2015-06-01 15:51:24
Эч кандай деле жанылык эмес экен го? 3- оорукананын башчысы эле озун жарнамалап жатканы го....Ибрагим кундогудон бир саат эрте уктап кеч ойгонду деп деле айта бергиле эми.........
-11
KYRGYZJERI
2015-06-01 16:05:05
windom,
бул кенедей балада кандай кучун бар, анчалык анын адресине ичи тар соз айтып.
Бир аз болсо да адамдык сапатыбызды озубуздон баштап ондой журолучу.
Анан тегерегибиз да онолот
+6
windom
2015-06-01 16:26:46
KYRGYZJERI, Кеп Ибрагим жонундо эмес. Эми бир аз сыркоолоп калса ( балким грипп ) деле бут калкка жарыялай бергени туура эмес да. Анын артынан озунун атын чыгарып.
-3
KYRGYZJERI
2015-06-01 16:02:43
Бул эски суроту болсо керек.
Ибрагимдин ден соолугу жакшы болот, бактылуу жигит болот.
Ал кун да алыс эместир.
Кырсыктан алыс кылып, ушул периштени Кудайым чексиз бактылуу адам кыла кор...
+2
bom.bon
2015-06-01 16:57:44
Жанылыктын темасы коркунучтуу экен. А окусан жакшыле.Айыгып кетишсин.
+2
ratbek
2015-06-01 17:43:52
Жараткан Аллах Ибрагимге шыпаа берип, айыгып кетсин. Ибрагим азыр бардык Кыргызстандыктардын баласы болуп калды десем жанылышпаймын. Ушул баланын айыгып, бактылуу болуп, келечекте Кыргыз мамлекетине ак кызмат кылган келечектуу жигит болсун деген тилекти ар бирибиз эле тилеп калдык го дейм. Аллах шыпаа берип айыгып, ден соолугу бекем, омуру узун, ыймандуу жигиттерден болсун. Мен бардык Кыргызстандыктарды чакырып кетет элем, Ибрагимбектин айыгып кетуусу учун дуба кылалы.
+6
paula.90
2015-06-01 19:12:06
огой апасы кантип карап жатат экен бул баланы,ушул огой энеси да ынсаптуу адамдардан болуп жакшылап карасында,оз энеси каякта журот экен кабар албай(((:(
0
Gulgamal
2015-06-02 01:12:35
Оз енеси кандай таш журок ене екен карабаган айыгып кет балакай алахым ден соолук узуун омур берсин
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан