Бүгүн партиялар көп экенин, бири байлыгын арттырууга, экинчиси бийлигин бекемдөөгө түзүлөрүн, 1990-жылы "Эркин Кыргызстан" партиясы негизделгенде партиянын төрагасынын биринчи орун басары Эркин Шерниязов болгондугун "Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы партиянын Талас облустук конференциясында айтты.
"Ата Мекен" социалисттик партиясы - эл-жер үчүн күрөшкө чыккан партия. Биз башынан кыргыз мамлекетинин көз карандысыздыгына жетишүү үчүн күрөшкө чыгып, койгон максаттарыбызга четинен жетип, өлкөнүн келечеги үчүн колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз.
"Ата Мекен" партиясы - намыстын, эрктин, тунук идеялардын жана жаштыктын, атадан балага, агадан иниге ыйык дөөлөт катары калып отурган партия. Мына азыр Азиз Курамаев жана анын атасы Сыязбек Курамаев жөнүндө айткым келет. Ата менен баланы эмне бириктирип турат?.. Сыязбек Курамаев бийликке же кызматка умтулган жок. Ал адамдык көз карашында жалган менен калпка, акыйкатсыздык менен адилетсиздикке каршы күрөштү. Ал өз уулунун жаркын келечеги үчүн, ашууда ызгаарлуу суукта калган казак баланын өмүрү үчүн, кыргыз мамлекетинин уул-кыздарынын аруу максаттары үчүн күрөштү. Ошондуктан Сыязбектин уулу атасынын ишине сыймыктанат жана анын жолун, күрөшүн улантат... "Ата Мекен" партиясы Азизге атасынан мураска калган",- деди Ө.Текебаев.
Ошондой эле ал өз сөзүндө "Эркин Кыргызстан", "Ата Мекен" партияларын түптөгөн ыраматылык Эркин Шерниязовдун инилери, коомчулукка белгилүү инсандар Болот жана Садык Шер-Нияз азыр "Ата Мекен" партиясынын, карапайым калктын, кыргыз дөөлөттөрүнүн жүгүн кошо тартышкан шерлерден экенин айтты.
"Мындан 25 жыл мурун Эркин Шерниязов сыяктуу азаматтар менен партияны түптөп баштаганда, биз жаркын, эгемен кыргыз мамлекети жөнүндө кыялдансак, эми бүгүн ушул жерде отургандар менен бирдикте гүлдөгөн өлкө жөнүндө кыялдануучу учур келди. Ошондуктан бүгүн биз "Ата Мекен" социалисттик партиясын атадан балага, агадан иниге, достон доско калып отурган ыйык мурас жана дөөлөт катары баалап, ынтымактын, тилектештиктин жана тууганчылыктын партиясы деп атасак болот. Анткени атасы баштаган ишти баласы, агасы баштаган иниси ыйык мурас катары улантып жатпайбы.
Урматтуу партиялаштар! Алдыда парламенттик шайлоо келатат. Шайлоо "тандоо" дегенди түшүндүрөт. Биздин партиянын 50 миңден ашык мүчөлөрүнүн ичинен мыктыларын тандап шайлап алсак, биз "Кумтөрдү", башкаларды жеңип, элге кызмат кылган жаркын коом түзө алабыз. Мыкты талапкерлер менен гана мыкты ийгиликтерге жетишебиз",- деди Ө.Текебаев.
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын лидери күз айларында өтүүчү парламенттик шайлоого аттангандарга ийгиликтерди каалады.
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын облустук конференциялары эми Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында улантылмакчы.