“Ата Мекен” партиясы жер-жерлерде райондук конференцияларын жыйынтыктап жатат. 18-июнь күнү Ысык-Көл облусунда партиянын Тоң райондук конференциясы өтүп, “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Жоомарт Сапарбаев, аймактагы партия мүчөлөрү жана активисттери чогулушту. Жергиликтүүлөр айыл чарба продукцияларын экспорттоо, аймакта туристтерди тартуу үчүн иш-аракеттерди жакшыртуу боюнча маселени талкуулашты.
“Кыргыз Республикасы ЕАЭБге толук мүчө болгондон кийин жер-жерлерде туризм, айыл чарба, бизнес тармагы жакшырат деп үмүттөнөбүз. Анткени сиздер өндүргөн эт, картошка, жашылчалар тез жана жеңил экспорттоло баштайт. Чек аралардын ачылышы менен туристтердин келиши да арбыйт”,- деди Сапарбаев.
Мындан тышкары балдар бакчасы, мектептердеги билимдин сапатын жакшыртуу да конференцияда башкы тема болду. Партиялык иш-аракеттерди жакшыртуу менен күздө боло турган парламенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүү тапшырмаларын сүйлөштү. Тоң районунун жашоочулары учурда аймактан чыккан Жогорку Кеңеште бир да эл өкүлү болбогондуктан, жергиликтүү элдин маселелерин көтөргөн же бийликке жеткирген депутат жок экендигин белгилеп, быйыл өтө турган шайлоо менен маселе чечилет деп үмүттөнүшөрүн айтышты.