Наталья Никитенко: "Ысык-Көл облусу - туристтердин мекени"

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Наталья Никитенко Каракол шаарындагы тарыхый маданиятты чагылдырган мүнөздөгү туристтик мекеменин абалы менен таанышты. Бир караганда эскилиги жетип, кароосуз калган бул кылым карыткан турак жайлар бүгүнкү күндө туристтердин кызыгуусун арттырууда. Анткени тарыхый мааниге ээ болгон имараттар 1900-жылы курулуп, архитехтуралык сымбатын бузбай келгендиги менен баалуу. Бирок бир топ оңдоп-түзөөгө муктаж болгон бул имаратка мамлекет тарабынан көңүл бурулуусу зарыл.

"Бир караганда бул үйлөргө жүз жылдан ашса да, бардык шарттары сакталган. Мындан улам мындай тарыхый орду бар мекемелерге мамлекет тарабынан көңүл бурулбагандыгы өкүндүрөт. Бул сыяктуу имараттар бизге ата-бабалардан калган архитектуралык эстелик катары баалуу. Мындай көп жылдык турак жайлар туристтердин да кызыгуусун жаратары бышык. Ал үчүн оңдоп-түзөө иштери тез арада жүргүзүлүүсү зарыл. Ысык-Көл облусу - туристтердин мекени",- деди Никитенко.

Эске салсак, тарыхый маданиятты чагылдырган мекемелерди оңдоп-түзөп, туристтер үчүн эс алуу жагдайларын түзүү демилгесин жергиликтүү тургундар көтөрүп, эл өкүлүнө кат жолдошкон. Депутат Наталья Никитенко маселени жеринен көрүп, бул багыттагы демилгени жандандырууга көмөк көрсөтүүнү убада кылды.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nur-patriot
2015-06-22 14:34:24
тушунбой калдым. Мекен - бул адам төрөлгөн жер. Ысык-Колдо чет өлкөлүк туристтер төрөлгоңбү??
-1
Gulya.akbaralieva
2015-06-24 12:45:00
nur-patriot, туура айтасыз. мен тан калам жогору жактагылар не тушунон чочуп ойгонуп оюна не келсе балп этип айтып алгандай. Кыргызстан кыргвздардын эле олкосу кайдагы туристердин????!!!!
0
bakyt_2015
2015-06-22 20:44:42
Ысык-Кол биздин Ысык-Колдуктордун Мекени корунгон келип кетмелердин эмес.Булардын оюна койсон Колду деле акчага уруп ийип басып кетчудой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан