Жогорку Кеңештин 26-июндагы отурумунда
парламент Суу кодексине өзгөртүүлөрдү экинчи окууда толук колдоп, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жок
кылууга жол ачып берди. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери катары Экономика
министрлиги менен Айыл чарба министрлиги чыккан.
Анда экономиканын
өнүгүшүнө сезилерлик салым кошкон субъектилерге мөңгүлөргө жакын жерлерде иш
жүргүзүүгө уруксат берүү жагы каралган эле. Буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери
Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар аталган долбоордун кыргыз элине,
жаратылышына каршы келген мыйзам экендигин такай айтып келишкен. 23-24-июнь
күндөрү лидер Ө.Текебаев, депутат Ж.Сапарбаев маалымат жыйынын өткөрүп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
"Ата Мекен" фракциясынын жана башка
фракциялардын санаалаш депутаттардын аракеттерине карабай бүгүн, 26-июнда
парламенттеги 52 депутат Суу кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү
толугу менен колдоп берди. Мыйзам долбооруна "Ата Мекен"
фракциясынан 15 депутат жана башка фракциялардан прогрессивдүү депутаттар каршы добуш беришти,
жалпы 39 каршы добуш берилди. Мисалы: "Ата Журт" фракциясынан депутаттардын 10у макул,
9у каршы болду, "Ар-намыстан" 16 "макул", 6 "каршы", КСДПдан 19 "макул", 2 "каршы", "Республикадан" 7 "макул", 7 "каршы" деген добуш берилген.
"Ата
Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ою боюнча, мындай жыйынтыктын болушу толук мүмкүн эле, анткени буга чейин көпчүлүк депутаттар өкмөт чиновниктери
тарабынан болуп көрбөгөндөй басымга тушугушкан. Өкмөттү колдогон партиялар
бийликтин демилгесин колдошуп, каршылардын добушу аз болуп калды.
"Мына ушул сандардан эле биздин фракциялардын
дареметин, эл үчүн канчалык деңгээлде күйгөнүн көрсөк болот. Кимдин ким
экендиги ушундай улут үчүн маанилүү учурларда көрүнөт. Ар бирибизде
"Абийир" деген улуу журт жашайт. Ага, улутка каршы жасалган ар бир
ишти жана аракетти абийир кечирбейт! Биз
бул маселени 2015-жылы өтүүчү парламенттик шайлоонун бир маселеси катары
референдумга алып чыгышыбыз керек болуп калды окшойт. Анткени мөңгүлөр кол
тийгис жана бүткүл адамзаттын көөнөрбөс байлыгы. Бүгүнкү парламенттин элибиздин
ушундай түбөлүк мурасына, жаратылыш байлыктарыбызга кол салууга моралдык акысы
жок. "Ата Мекен" фракциясы
толугу менен каршы добуш берди. Эл байлыгы элге кызмат
кылыш керек",- деди эл өкүлү
Бактыбек Калмаматов биз менен болгон маегинде.
Аталган мыйзам келерки жумада үчүнчү окууда каралат.
Демек, парламент каникулга кетеринде "Центерранын" колу-бутун толук
бошотуп, мөңгүлөрүбүздү четинен талкалоого жол ачып берди окшойт. Баарына абийир
күбө.