Ташполот Балтабаев, Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты: Медицина ар бир кыргыз жараны үчүн жеткиликтүү болот"

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутаты, медицина илимдеринин доктору Ташполот Балтабаев катышты. Ал чогулгандарды кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөнүн медицина тармагынын кыйын мезгилди баштан кечирип жаткандыгына карабай тармактын жүгүн тартып келе жаткан дарыгерлерге түйшүктүү эмгектери үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетүүчү жагдай, кыргыз медицинасы көпчүлүккө белгилүү. Окутуу тармагынын иши туура жолго салынып, тажрыйбалуу дарыгерлер өз билимин, тажрыйбаларын жаштарга бөлүшүп келүүдө. Акырындык менен тиешелүү жабдыктар жаңыртылууда. Ошого карабастан, алдыда аткара турган милдеттер арбын.     
Профессор Ташполот Балтабаев белгилегендей, “Ата Мекен” партиясы медицина тармагына жумшала турган мамлекеттик чыгымдардын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тиешелүү талаптарына жооп берип жана 6 пайыздан кем эмес болушу үчүн болгон аракетти жасаганга күч жумшап келет. Бул тиешелүү чыгымдар эки эсеге көбөйтүлөт дегендик. 
Ташполот Балтабаев белгилегендей, “Ата Мекен” партиясынын алдыдагы максаты Кыргыз Республикасынын бардык жарандарын каттоосуна, социалдык ал-абалына, тапкан кирешесине карабай сапаттуу медициналык жактан тейлөөнү камсыз кылууга жетишүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу аталган партия “Медициналык жардам көрсөтүүнүн мамлекет тарабынан кепилдиги жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, аны кабыл алууга жетишүүнү көздөп жатат. Албетте, бул сыяктуу аракеттер иш жүзүнө ашса, келечекте Кыргыз Республикасынын медицина тармагындагы жагдайды түп-тамырынан бери өзгөртө турганына ишеним чоң.  
“Биз сиздерге таазим кылабыз, урматтуу биздин дарыгерлер! Сиздердин өлкө жана ар бирибиз үчүн жасап жаткан эмгегиңиздер баа жеткис. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайбыз”,- деп партиянын атынан кызуу куттуктады Т.Балтабаев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
arena2014
2015-07-04 19:56:41
Ушу аксакал жон эле койбобтур бир да айткан нерселерин аткарган эмес мурдакы шайлоодо
+2
Rifle
2015-07-05 08:32:43
партиянын атынан деп кыйратып суйлоптур, канча канча убадалар унутулду. Колунан келбеген ишке, убада кылба деген созду билишбейт.
+3
myshka406
2015-07-05 18:29:37
arena2014, ошону учун депутатда канчалык ишеничтуу убада берсен сенда депутат болосун(тамаша)
0
mirlanpiter
2015-07-05 00:18:28
Балтабай ава айтканыныздай кылып бекер даарылана турган болсо жакшы болмок,бирок андай болбойт.колунардан келбейт, ...партияны бир аз рекламалап коймокчу болупсуз,,мейли ачка олтурганча айранга нан малып жеген жакшы деген макал эске тушту
+2
Medina87
2015-07-05 08:36:15
Ач калган тооктун тушуно акталбаган таруу кириптир...
0
bakyt_2015
2015-07-05 08:45:56
Medina87, акталанган
0
Medina87
2015-07-05 09:17:39
bakyt_2015,
Мен макалдын нукура айтылганына озгортуу киргизе албадым, кечирерсиз?
0
st1m_
2015-07-05 14:13:06
Medina87, Ары жок тооктун тушуно акталанган таруу кириптир... дейт. Колунан эч нерсе келбей космосту ойлогондор учун айтылган.Сиздики мааниси бузулуп калган таарынбаныз.
+3
Lenin
2015-07-05 11:34:04
бла-бла-бла
0
Odik11
2015-07-05 12:44:52
Ташболотго бир очкооооо! !! Жалындуу создорго,Ата мекен партиясы момундай мыйзам долбоорун иштеп, минткени атабыз дегени партиянын визиттик карточкасы. Бул куру создорго партиянын мучолору ото конуп алышкан Торагасы баш болуп.
+1
arno2008
2015-07-05 13:25:49
Tush korso kerek. Bular uktap atyp ele chochugandai suiloi berishet,elirip ketkende miting kylyp zhugurup chygyshat.
0
Atas
2015-07-05 14:25:34
Шайлоодо бир дагы партияны шайлабаш керек болуп калды,кичинекей Кыргызстанды жеп бутмой болушту, шайланаарын шайланып алышып же тынгылыктуу иштешпейт,КЫРГЫЗДАР ошон учун онукпой атабыз.БУЛ ЧЫНДЫК!
0
elli_88
2015-07-05 14:50:55
Башталды ар кайсынын башын убада кылып элди алдамайы. Эл эми алданбайт. Жон эле койсо болмок куру созун. Ушул Ата мекен партиясына чуркагыла деп жумуштан директор тажатты.
+1
kirgizstan
2015-07-05 16:07:03
Уффф шайлоо откончо ушу чондор элдин бир жерин ###### ийгидей болосунар да кичине уялсанар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан