Өкмөт ушул жылдын аягына чейин Кумтөрдөн кен казууга уруксат берди

Өкмөт 2015-жылдын аягына чейин "Кумтɵр Голд Компаниге" кен казууга уруксат берди. Бул тууралуу "Centerra Gold Inc." компаниясынын расмий сайты жарыялады.
Маалыматта "3-июлда Кумтөр кенинде заттарды абага чыгаруу жана калдыктарды сактоочу жайды 2015-жылдын 31-декабрына чейин иштетүүгө уруксат алдык" деп жазылган.
Эске салсак, 4-июлда кенди иштетүү планын бекитүү маселесинин мөөнөтү бүтмөк. Бирок Жогорку Кеңеш жайкы каникулга чейин документти бекитип бербей, "Центеррага" Кумтөрдөгү ишин азыркы абалда улантууга дагы үч ай убакыт берип, маселени күзүндө кароого токтолгон. 
Өкмөт Кумтөр кенинин тегерегиндеги мөңгүлөрдү бузууга уруксат берүүчү мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алган. Ага ылайык, Кумтөрдөн алтынды жер алдынан гана эмес, мөңгүнү башка жакка жылдыруу менен үстүнөн чапчып казууга канадалык "Центерра" компаниясына укук берилмек. Парламенттин 26-июндагы жыйынында чечим кабыл алынып, Кумтөрдөгү мөңгүнү талкалоого жол берүү сунушуна 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берген.  


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан