“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады

“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. Куттуктоодо төмөнкүлөр айтылат:

"Урматтуу мусулмандар! Кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди жеке өзүмдүн жана "Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын атынан Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!

30 күн орозо тутуп, ырайымдуу Алла Тааладан буга чейин жасалган күнөөлөрдү кечирүүгө ибадат кылып, өзүнүн гана эмес, жалпы эл үчүн ыйман, ырыс тилеген бардык мекендештеримди Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Алла Таала элибизге сабырдуулук берип, эл-жерибизге амандык-эсендик, ар бир үй-бүлөнүн очогунда от жанып, дасторкону адал табылган берекеге толуп, тапкан кирешелери жакшылыктарга жумшалсын. Элибиз кайрымдуу болуп, жардамга муктаж болгон жакындарына,
коңшу-колоңуна кайдыгер карабай, кол сунат деп ишенем".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2015-07-18 00:29:09
Айткандарыныз келсин! Оомиин!! Мен Сиздердин партиянын Кыргыз элиме корсоткон колдоонуздарга ыраазымын жана Сиздердин партияга Ийгилик каалайм!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан