Жылнаама, 28-июль: Мындан 101 жыл мурун 22 миллион адамдын өмүрүн алып, 55 миллион киши жарадар болгон Биринчи дүйнөлүк согуш башталган

* Мындан 101 жыл мурун, 1914-жылы 22 миллион адамдын өмүрүн алып, 55 миллион киши жарадар болгон Биринчи дүйнөлүк согуш башталган. Биринчи дүйнөлүк согуш 1914-жылдын 28-июлунан 1918-жылдын 11-ноябрына чейин уланган жана адамзаттын тарыхындагы эң чоң жана татаал куралданган конфликттердин бири болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш - Борбордук (Германия, Австрия-Венгрия, Түркия, Болгария) жана Антанта (Орусия, Франция, Улуу Британия, Сербия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ, бардыгы 34 мамлекет катышкан) коалицияларынын ортосундагы согуш. 
* Мындан 38 жыл мурун, 1977-жылы ЖКнын V чакырылышындагы “Ата Мекен” фракциясынан депутат Ширин Айтматова төрөлгөн. 1997-1999-жылдары Брин Моур колледжинин бакалавр даражасын бүтүргөн. 1998-жылы Япониядагы Эл аралык КРС япон тили боюнча окуу жайынан билим алган. 2001-2003-жылдары Нью Скул университетин гуманитардык илимдер боюнча бүтүргөн. Ал эми 2004-2006-жылдары Сара Лоуренс колледжинен магистрлик даражасын (көркөм жазуу адистиги боюнча) алган. Эмгек жолун 1998-жылы Орусиянын парламентинин депутаттарына англис жана француз тилдеринин синхрондук котормочусу болуп иштөөдөн баштаган. 2010-жылдын ноябрь айынан тартып "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты жана Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 
* Мындан 115 жыл мурун, 1900-жылы АКШда Луи Лессинг гамбургерди ойлоп тапкан. Бул америкалык бутерброд өзүнүн аталышын Гамбург аттуу немис шаарынан алган. Гамбургерди басып баратып жегенге ылайыктуу болуш үчүн америкалык гастроном Луи Лессинг тоголок булочкалардын ортосуна котлетти, салат жалбырагын жана соус куюп саткан. Гамбургер 1902-жылы Сент-Луистеги жарманкеге коюлуп атактуу болгон, бирок америкалыктар 30 жыл бою хот-догду, куурулган тооктун этин жана италиялык пиццаны жогору коюшкан. 1930-жылдары канзастык Уолтер Андерсон "White Castle Hamburger" аттуу тармактык кафелерин ачып, анда гамбургерлерди сата баштаган. 1948-жылы "McDonald's" тез тамактануучу жайлары ачылып, гамбургер сүйүүчүлөрүн арттырган. 
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы Кытайдын Таншань шаарында күчү 8,2 баллга жеткен жер титирөө болуп, 5 миллиондон ашуун үй кыйраган. Расмий маалыматтарда 250 миңге жакын киши каза болгон деп айтылганы менен, 800 миң киши өлгөн деген да маалыматтар бар.
28-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik2103
2015-07-27 20:24:11
Admin биринчи дуйнолук согушта ким женип ким женилген? Маалымат берип коюнуздарчы
+1
Айпери Ганыжан кызы
2015-07-28 08:48:30
nurik2103, Саламатсызбы! Кененирээк бул шилтемеде http://www.super.kg/jylnaama/event/16899
0
Ema92
2015-07-27 20:48:01
nurik2103 Биринчи дуйнолук согуш ошол убактагы дуйнону титиретип турган торт империянын (Осмон,Орусия,Австрия-Венгрия,Германия) кулашы менен аяктаган.
0
Mushker2013
2015-07-27 20:55:53
Ушул биринчи дуйнолук согуш боюнча коп маалымат алгым келет.Ким-кимдер менен урушкан.кайсыл тарап женилип, кайсы тарап женишке жетишкен.Билгендер болсо толук маалымат жазып койсонуздар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан