Бишкекте терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында борбор калаанын аймагында терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча отурум болуп өттү. Бул тууралуу 3-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Бишкек шаарындагы коомдук-саясий туруктуулукту сактоо, терроризм, диний экстремизмдин пайда болушуна бөгөт коюу боюнча иш-аракеттер талкууланып, катышуучулар тарабынан бекитилди.
Отурумга аталган райондун администрациясынын башчысы, аймактык башкармалыктардын жетекчилери, билим берүү жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү, УКМК, прокуратура жана Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kirgizstan
2015-08-03 17:38:06
Админ Откондо террористердин соогу берилдиби билбей калдым
0
admin_superstan
2015-08-03 17:45:48
kirgizstan, саламатсызбы!
Берилген жок: http://www.super.kg/kabar/news/119273/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан