- "Азаттык" радиосу "Жогорку Кеңешке жол тапкан "каралар" аттуу макаланы ободон жаңыртты. Макалада сиз тууралуу дагы "буга чейин Жогорку Кеңешке “Ата Журт” партиясынан шайланып келген депутат уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган деген маалымат чыккан" деп баяндалат. Мунун чын-бышыгы канчалык?
- Чындыгында, мурда мындай маалыматты эч кимден уккан эмесмин. Тактап айтсам, конкреттүү түрдө расмий органдар тарабынан мындай маалымат берилген эмес. Мен Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты болуп 2011-жылдын 26-сентябрында мандат алгам. Албетте, жаңыдан мандат алганда анча-мынча имиш кептерди чыгарганга аракет жасагандар болгон. Бирок алар чындыкка төп келбегендиктен, бат эле аягы сууган болчу. Ошентсе дагы мына ушундай имиш кептерден улам Ички иштер министрлигине кат менен кайрылгам, "ушул маалыматтардын чын-бышыгын тактап бериңиздер" деп. Ал кезде ИИМ жетекчиси Шамиль Атаханов болчу. Анан алардан мага жооп келген. Жоопто "сиз тууралуу айтылган бул маалыматтар эч кандай чындыкка дал келбейт" деп так жазылган.
- Ошол эле макалада "Бакировго 2010-жылы май айында Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылды деген айып тагылган" деп жазылат. Бул боюнча эмне айтасыз?
- Мындай дооматтын коюлганы чын, бирок бул боюнча мен толук акталып чыккам. Себеби кылмыштын курамында менин аты-жөнүм дагы жок болгон. Андай аракетти көрмөк турсун, оюма да келген эмес. Менин аталган кылмышка тиешем жок экендигин Жогорку Соттун чыгарган чечими да тастыктайт.
- "2004-жылы уюшкан кылмыштуу топтун ана башы Алманбет Анапияев менен бирге карактоо, адам уурдоо, опузалап акча өндүрүү фактылары боюнча кылмыш иш козголгон" деген маалыматка эмне дейсиз?
- Бул да туура эмес маалымат. Мага андай кылмыш иши эмес, орусча айтканда, "самоуправство" (Кылмыш-жаза кодексинин 353-беренеси) боюнча иш козголгону чын. Бул иш облустук соттон кыскарган. Эч кандай күнөөм тастыкталган эмес. Демек, менде "соттолгон" деген дагы, "уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү" деген да эч нерсе жок. Мунун баары жөн гана шайлоо алдындагы "шайтан оюндар".
- Мындай аракетти кимдер жасап жатышы мүмкүн деп ойлойсуз?
- "Бул адам жасап атат" деп конкреттүү айта албайм, бирок саясат казанында кайнап жүргөндөр эле жасап жатышканы түшүнүктүү болуп турат. Шайлоодо жеңишке жетүү кызыкчылыгында, оппоненттерин алсыратуу максатында ар кандай оюндар жүрүп жаткансыйт. Карапайым үй-бүлөдөн, карапайым элдин арасынан чыккан мендей адамга ушундай каралоолор болуп жатса, анда калгандары тууралуу айтуу кыйын.