Алмазбек Курманкалиев, “ММКларды колдоо борбору” фондунун жетекчиси: “Ийгиликке жетүү үчүн мээни иштетиш керек”

Сөз эркиндиги өйдө-ылдый болуп келген эгемен Кыргызстандын тарыхында өлкөдөгү ой-пикир билдирүү эркиндигине жана басма сөз каражаттарынын калыптанышына “ММКларды колдоо борбору” фонду салым кошуп келет. Бул көз карандысыз мекемени учурда Алмазбек Курманкалиев аттуу чыгаан инсан башкарат. Бул жолку “Ийгилик сыры” рубрикабызда ушул адамга токтолобуз.

Алмазбек Курманкалиев

Туулган жылы – 1972-жыл, 8-август

Туулган жери – Бишкек шаары

Билими – Кыргыз политехникалык институтунун өндүрүштү автоматтык башкаруу факультети

Үй-бүлөлүк абалы – 2 кыз, 1 уулдун атасы

Хоббиси – Унаа айдоо жана китеп окуу

Алмаз мырза, көктөмдүн келиши сизге кандай сезим тартуулайт?

– Жаз менен кошо 8-Март айымдардын майрамы келди. Мен үчүн бул күн эң жакшы майрамдардын бири. Үй-бүлөнүн пайдубалы болгон аялзатка сулуулук, ден соолук жана жакшы маанай каалайм. Мен үчүн жаз мезгили ушул сындуу майрамдар менен өзгөчө.

Бакыйган басмакананын жетекчиси кичинесинде китеп менен дос беле?

– (Күлүп) Ооба, бала кезден эле китепти көп окуйм. Ошонун айынан минтип көз айнек тагынып калдым да. Негизинен, менин табитиме тарыхый китептер туура келет. Себеби алар аркылуу өткөн замандын кишилеринин жашоо-турмушу менен таанышуу жана ал кездеги адамдардын бай тажрыйбасын үйрөнүүгө болот. Өзгөчө тарыхта башкаруучулук менен изи калган Чынгызхан, Сталин, Наполеон өңдүү инсандардын өмүрүн чагылдырган китептерди көп окуйм. Алар дүйнөлүк саясатка чоң таасирин тийгизген адамдар.

21-кылымдын заманбап жаштарына кандай баа бересиз?

– Азыркы жаштардын окууга болгон кызыгуусу жок, жалкоо болуп калышты. Буга себеп жаш муундун “акча баарын чечет” деп ой жүгүртүп калганында. Бул туура эмес, эч качан акчалуу болууну башкы максат кылып албаш керек. Акчаны максатка жетүү үчүн колдонуш керек. Жеңил жол менен келген акча эч качан жукпайт.

Бул көрүнүштөн арылуунун жолу сиздин пикирде...

– Баланы кичинесинен тарбиялоо керек. Кычыраган унааларды минип жүргөн улан-кыздарга көз артпаган оң, алардын деле телегейи тегиз эмес. Акчаны уучтап жүргөндөрдүн көпчүлүгүнүн жашоосунда, өзгөчө жеке турмушунда көптөгөн кыйынчылыктары бар. Адам орто жашоодо жашаш керек, канчалык бай болсоң, түйшүк да ошончолук көбөйөт.

Мырза катары эмнеге кызыгасыз? Балким, футбол...

– Жок, мен көпчүлүк эркектердей эле унаага абдан кызыгам. Кыргызстанда БМВ клубу бар, бош убактымдын көпчүлүк бөлүгү ошол жерде өтөт. БМВ унаасын зуулдата айдоо мага эркиндик жана рахат тартуулайт. Анан да эс алуу күндөрү кинотеатрга барып турабыз. Акыркы жолу “Салам, Нью-Йорк!” тасмасына бардым, мага жакты. Идеяга бай, мыкты тасма экен.

Адамдагы кайсы сапатты баалайсыз?

– Эң башкысы, адамдар бири-бирине жамандык каалабашы керек, ою менен да, турмушта ишке ашыруу менен да. Физиканын закону сыяктуу жашоодо эч нерсе жоголбойт. Бирөөгө кылган жамандыгың эртеби-кечпи өзүңө кайтып келет. Жаман ойлор менен баш оорута берген адам бара-бара жинди болуп кетет. Белгилей кетсек, азыр психикалык жактан оорулуу болгондордун саны абдан өсүп кетти.

Жашоо сизге эмнеси менен кызык?

– Белгисиздиги менен кызык. Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Айрымдар “алдыдагы тагдырымды билем” деп көзү ачыктарга барып жүрүшпөйбү, бул жаңылыштык. Жашооңду алдын ала билип алганда эмне?..

Сөз нугун жумушка бурсак...

– Жакшы болот. Мамлекеттик жумуштарда 6 жылдай иштедим. Ал эми азыр мен жетектеп жаткан “Массалык маалымат каражаттарын колдоо борбору” фонду 2002-жылы түзүлгөн. Албетте, иш шыр эле башталып кеткен жок. Имарат таба албай, керектүү жабдыктар жетишпей, абдан эле кыйынчылыктар болду. Өлкөдө сөз эркиндиги кучак жайган соң бийликтен ар кандай кысымдар боло баштады. Ал тургай 2005-жылы биздин борбордо электр жарыгы мыйзамсыз түрдө 3 айга өчүрүлгөн. Атайын генератор сатып алып, басмаканадан гезиттер үзгүлтүксүз чыгарып турдук. Ошондо кайра электр жарыгын берүүгө аргасыз болушкан. Азыр Кудайга шүгүр, биздин фонддун басмаканасынан 125тей гезит басылып чыгат.

Фонддун алкагында дизайнерлерди окутуу курсу бар эле...

– Ооба, бар. Курстан окуп кеткендер арбын. Аймактык гезиттердин дизайнерлери келип, 1 айлык курсту акысыз окуп кетишет. Учурда аймактык гезиттерге көбүрөөк көңүл бурууга аракет кылып жатабыз.

Жалпысынан бул фонддо канча адам эмгектенет?

– Жаңы ачылганда 8 кызматкер бар болчу, учурда 45 адам иштейт. Ар улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн чакан жамаат иш алып барат.

Өзүңүз айтып өткөндөй азыркы даражага, учурдагы ийгиликтерге жетиш үчүн бир топ кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрүптүрсүз. Ушул ийгилигиңиздин сыры эмнеде?

– Ийгиликке жетүү үчүн мээни иштетиш керек. Анан да эңсеген нерсе бат эле келе калбайт, шашылбоо зарыл. Адам ар дайым өзүнө “бул көйгөй эмне үчүн пайда болду?” деген суроону бериш керек. Эгер бул суроо берилбей, жашоодо баары телегейи тегиз болуп калса, бул – адамдын жашоосу токтоду дегенди түшүндүрөт. “Эмне үчүн?” деген суроо адамды жаңы бийиктиктерге жетелейт.

Кызыктуу маегиңиз үчүн рахмат!

– Рахмат, сиздерге да!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sadagam92
2013-03-18 01:33:41
Salamtsyzdarby?Kurska kandai adamdar katysha alat eken?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан