Жылнаама, 1-декабрь: Мындан 2 жыл мурун “Форсаж” тасмасындагы ролу аркылуу таанымал болгон америкалык актёр Пол Уокер жол кырсыгынан каза тапкан

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи ирет тынчтык жолу менен, шайлоонун негизинде тандалган Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришкен. Алмазбек Атамбаев президенттик антын Улуттук филармонияда берген. Ал салтанатта ага президенттин күбөлүгү, төш белгиси жана штандарты тапшырылган. Жаңы президенттин урматына 7 жолу залп атылып, инаугурация аземине Түркия президенти Абдулла Гүл, Грузия президенти Михаил Саакашвили, Орусия президентинин администрация башчысы Сергей Нарышкин, Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов, Тажикстандын премьер-министри Акил Акилов жана Азербайжандын өкмөт башчысы Артур Раси-заде баштаган ондон ашуун өлкөдөн коноктор, эл аралык жана аймактык уюмдардын башчылары катышкан.

* Мындан 9 жыл мурун, 2006-жылы Африка континентинде алгачкылардан болуп Түштүк Африка Республикасында бир жыныстуу никеге уруксат берген мыйзам күчүнө кирген. Мыйзамды парламент кабыл алган. Ошентип, Африка материгинде Түштүк Африка Республикасы бир жыныстуу никеге уруксат берген бешинчи өлкө болгон.

* Мындан 4 жыл мурун, 2011-жылы Казакстанда Алматы метрополитени ишке киргизилген. Алматы метрополитени Казакстандагы биринчи, Борбор Азиядагы экинчи (Ташкент метрополитенинен кийин) жана мурунку СССР аймагында он алтынчы болгон. Алматыдагы экинчи бутагы бүткөндө узундугу Ташкент метрополитениндей болот деген божомолдор айтылган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы белгилүү “Форсаж” тасмасындагы ролу аркылуу таанымал болгон америкалык актёр Пол Уокер автоунаа кырсыгынан каза тапкан. Кырсык Калифорния штатындагы Санта-Кларита шаарында болгон. Аталган шаарга актёр Филиппиндеги тайфундан жабыркагандарга акча чогултуу үчүн өткөрүлгөн кайрымдуулук акциясы (автошоу) үчүн барганы айтылган. Пол Уокер досунун унаасында жүргүнчү катары баратып кырсыкка учурап, экөө тең каза тапкан. Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай калып, жогорку ылдамдыкта бараткан автоунаа даракты сүзүп, күйүп кеткен.
40 жаштагы актёр сентябрь айында тартылып баштаган “Форсаж-7” тасмасында роль жаратып жаткан.

1-декабрда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sunrice
2015-11-30 20:40:47
Жайы жаннатан болсун
+2
saltanat.
2015-11-30 22:10:31
Алматыда метро ачылганда ошрякта болчумун))))).
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан