Токтогул суу-электр станциясында трансформатор жарылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 23-декабрда саат 08:10 чамасында Кара-Көл шаарында Токтогул ГЭСинин машина залында 3 фазалуу ТТ-400 000/500 трансформаторунун жарылуусунан улам агып кеткен майы күйгөн. Өрт саат 14:50 чамасында толугу менен өчүрүлгөн. Аны өчүрүүгө Кара-Көл шаарындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №94-өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жана авариялык-куткаруу унаасы менен 1 бөлүм тартылган.
"Учурда Токтогул ГЭСинде катталган өрт кырсыгынын келип чыгуу себептерин, келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо максатында өкмөттүн, “Электр станциялары” ишканасынын, Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлүп, кырсыкты иликтөө иштери жүргүзүлө баштады",- деп айтылат маалыматта.