Кыргыз Республикасындагы “Саякбай манасчы”, “Теңир-Тоо калем”, “Кереге” сыяктуу бир катар фонддордун ЖМКлардын башын кошкон “Кыргыз тилектештиги” бирикмеси “Жыл каарманы” долбоорунун алкагында “Ата Мекен” социалисттик партиясына “Жылдын мыкты партиясы” наамын ыйгарды. Бул тууралуу бүгүн, 25-декабрда партиянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындай атайын алтын дипломдор жыл ичинде мамлекеттин идеологиясына, өлкөнүн коомдук, саясий, экономика, маданият жана спорт тармагына, калктын санынын өсүшүнө салым кошкон, жарандык позициясын так аткарган инсандарга, ата мекендик өндүрүшчүлөргө, тейлөө кызматынын өкүлдөрүнө ыйгарылды. Айта кетүүчү жагдай, “Жыл каарманы” наамын алгандардын катарында кыргыз өлкөсүнүн калкынын 6 миллион болушуна салым кошкон, төрт эм төргөн эне, өмүрүнө коркунуч келгенине карабай, кызматтык милдетин так аткарып, “жөргөмүш адам” атка коногон МАИ кызматкери жана башкалар бар.
“25 жылдык тарыхы бар “Ата Мекен” партиясы мындай наамга саясий күрөштө туруктуулуктун жана принципиалдуулуктун үлгүсүн көрсөткөндүгү үчүн татыктуу болду”,- деп белгилешти салтанаттуу иш-чаранын уюштуруучулары.