Бишкектеги Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу борбордун балдарына жаңы жылдык майрам тартууланды

Журналисттер Кайыргүл Урумканова жана Канышай Мамыркулова тарабынан негизделген “Биздин салым” коомдук фонду Бишкектеги Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу борбордун балдарына жаңы жылдык кече тартуулады. “Мага Жаңы жыл тартуула” деп аталган долбоорго мамлекеттик кызматкерлер, бардык тармактын өкүлдөрү тартылып, эч кимди кайдыгер калтырган жок.

Тагдырдын оор сыноосуна кабылган балдарга жаңы жылдык майрам өткөрүүдө белгилүү алып баруучу Бакыт Байсариев Аяз атанын, Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Данияр Сыдыков
Санта-Клаустун, “АВЕРС” юридикалык компаниясынын жетекчиси Таалайгүл Токтакунова Аяз кыздын, ишкер Данияр Макамбаев аюунун, "Кыргыз почтасы" борборунун жетекчиси Марат Черикчиев смешариктин, Каржы министрлигинин бөлүм башчысы Бекболот Алиев жолборстун ролун аткарышты. Балдарды майрамы менен куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Жылдыз Мамбеталиева да келди. Албетте, мындай жаңы жылдык балаты белексиз өтпөйт эмеспи.

Борбордогу 75 балага окуу куралдары, таттуу азыктар жана башка майрамдык белектер тартууланды.

Борбордун жамааты уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, балдар Аяз атага ыр ырдап, белектерди алышты. Демөөрчүлөр дагы четте калбай, Бакыт Өмүракунов балдар менен кошо ырдады.
Майрам өткөн күнү борбордун 11 тарбиялануучусу ооруканада болгондуктан, ар түрдүү каармандардын костюмун кийген уюштуруучулар аларды дагы куттуктап келишти. “Мындай кайрымдуулук иштерин мындан ары дагы улантып, Кыргыз Республикасынын аймагындагы балдар үйлөрүнө барууга аракет кылабыз”,- дейт “Биздин салым” фондунун өкүлдөрү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан