"Центерра Голд Инк." компаниясынын Директорлор кеңешинин "Кыргыз алтын" компаниясы тараптан мүчөлөрү Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Республика – Ата Журт" фракциясынын кезектеги жыйынында "Центерра Голд Инк." компаниясынын акцияларынын кошумча эмиссиясы боюнча маселе каралып жатканда белгилүү болду.
"Кыргыз алтын" компаниясынын төрагасынын орун басары Бектур Сагыновдун пикиринде, Калыйнур Садыров менен Эмил Орозбаев Директорлор кеңешинин кыргыз тараптын таламын талашкан мүчөсү катары өздөрүнө тагылган милдеттерди толук аткара алган жок. "Кыргыз тарап "Центерра Голд Инк." компаниясынын Директорлор кеңешинин акцияларынын кошумча эмиссиясын чыгаруу чечимине каршы болчу. Алар Директорлор кеңешинин калган мүчөлөрүн ынандыра алышкан жок", - дейт ал.