Москвада 4 жаштагы кыздын башын кесип салган аял 15 жыл шизофрения менен ооруган. Бул тууралуу орусиялык MК.РУ басылмасы 1-мартта жазып чыкты.
Аталган басылма Өзбекстандагы Гүлчехра Бобокулова жашаган айылдын аймактык милиция кызматкери менен байланышкан.
"Гүлчехра Бобокуловага "шизофрения" диагнозу коюлуп, Психоневрологиялык диспансерде дарыланган. Анын оорусу тууралуу баары билгендиктен, ал бул жактан жумушка орношо алган эмес. Жазга маал оорусу күч алчу. Башында оорусу анча билинчү эмес, бирок жыл өткөн сайын күчөй баштаган. 15 жыл мурун аны 2 жыл дарылашкан. Акыркы дарылануусунан кийин ал Москвага кетип, ошол жактан жумушка орношуптур. Бобокулованын айылда 3 уулу бар. 2002-жылы күйөөсү анын оорусу үчүн расмий түрдө ажырашып, башкага үйлөнгөн. Ортончу жана кичүү баласы атасы менен, улуусу Бобокулованын ата-энеси менен жашайт",- деп билдирген айылдын аймактык милиция кызматкери.
Санкт-Петербургдагы өзбек диаспорасынын өкүлү төмөнкүлөргө токтолгон:
"Биз видеону көрдүк. Аял түшүнүксүз нерселерди айтып жаткандыктан, бул жерде башка иш бар экенин түшүндүк. Биринчиден, ал кийген кийимди Кудайга ишенген аялдар кийбейт, жоолугу туура эмес салынган. Ага колго тийген кийимди кийгизип коюшкандай ой жаратат. Ал намаз окуу, мусулман аялзатынын кийими тууралуу эч нерсе билбегендей. Экинчиден, күйөөсү менен уруша кетсе, баланы өлтүрбөйт болчу. Өзбекстанда аял киши балага эч качан кол көтөрбөйт. Биздин аялдар өздөрү ачка калса да, балдарды ач калтырышпайт. Биздин оюбузча, кимдир бирөөнө мындай мыкаачылык көрсөтмө керек болчу. Бул аялдын жардамы менен ал ойлогон оюн ишке ашырды. Ага спайс берген соң буйрук берип мындай кылмышты жасаткан болушу мүмкүн. Ал метрого чейин мындай кыска убакта жөө келе албайт болчу, ага бирөө жардам берди. Бул окуя өзбектерге залакасын тийгизди. Анын айынан мекендештерибизди жумуштарынан кетирип жатышат. Демек, кимдир бирөөнө бул окуя керек болчу".
Ал эми иликтөө маалында Гүлчехра Бобокулова аны кандайдыр бир үн башкарганын айткан.
"Мага үн эмне кылышты, кандай кийиништи айтып жатты",- дейт Бобокулова.