Дүйнөдө канча түрдүү биз билген жана билбеген жандыктар бар экендиги белгисиз. Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, илимге белгисиз жандыктарды таап чыгышууда.
Кезектеги табылга Мексиканын Акапулько шаарында катталды. Андагы туристтик кум жээгине 4 метрге жакын белгисиз өлүү жандык чыгып калган. Бул тууралуу "РиаНовости" басылмасы 12-мартта жазып чыкты.
Адистер бул "жомоктогу жандык" тууралуу ар кандай божомолдорду айтып жатышат, бирок гигант кальмар же кит болушу мүмкүн деген тыянакка көбүрөөк келишүүдө.