Казакстандын Павлодар облусунда кар алдында калып, муз болуп тоңуп калган 42 баш жылкы табылды. Бул тууралуу 29-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, өткөн жылдын декабрь айында жылкы ээси милицияга арыз жазып, жылкылары жоголгону тууралуу билдирген. Ал арызында жылкыларын акыркы жолу ноябрь айында көргөнүн жазган. Жыйынтыгында жылкылардын дареги чыкпагандыктан, уурулук боюнча кылмыш иши козголуп, издөө үчүн атайын топ түзүлгөн. 27-мартта милиция кызматкерлери Шидерти айылынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан өзөндөн муз болуп катып калган жылкыларды табышкан.