Бүгүн, 5-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Жогорку Кеңештин депутаттары комитет жыйынында Бишкекте жол чырак иштебеген жерде жол кыймылын көзөмөлдөп турган 3 жаранды сыйлоону сунушташты. Демилгечи депутат Махабат Мавлянова жолдо МАИ кызматкерлеринин милдетин аткарган жаштар башкаларга үлгү экенин белгилесе, комитет төрагасы, КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов муну колдоп, аларга белек даярдоо тапшырмасын берди.
Балдардын кылган иши колдоого, сыйлоого татыктуу. Биз кеп кыла турган нерсе ушул окуядан улам көрүнүп калган маселе тууралуу. Кеп башталып-башталбай жатып кемчилиги көрүнгөн ИИМдин "реформасында". Патрулдук топтун бири жол чырак иштебей, кадимки жүргүнчүлөр жөнгө салып турган жерге барып, абалды жөнгө салуунун ордуна качып кетсе, экинчи топтун автоунаасы ошол жерден унчукпай өтүп кетти. Ички иштер министри убадалаган реформа ушул беле? Ички иштер министри жаңы түзүлгөн патрулдук милицияны мактап, "окуя болгон жерге ыкчам жетип барат, коомдук коопсуздук жогорулайт" дебеди беле?
ИИМдин башчысы Мелис Турганбаевдин башка чарасы жок болчу, тикелей кызматтык милдетин аткарбай качып кеткен милиция кызматкерлери бүгүн иштен айдалганын SUPER.KG`ге Патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты. Бул видеого тартылып калган бир гана учур. Кыскасы, "даракка жашынма" деген аты "кыдырып жүрмө" деп эле өзгөртүлүп, жол кыймылын, коопсуздугун көзөмөлдөө баягы абалында калбаса болду...
Кыргыз мамлекети Армения менен Азербайжанга Тоолуу Карабахтагы кырдаалды сүйлөшүү менен чечүүнү сунуштап, бул иште ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди. ТИМ өзүнүн маалыматында конфликтти жөнгө салууда кыргыз тараптын тажрыйбасы бар экенин белгиледи.
1994-жылдын 5-майында Тоолуу Карабах жаңжалын чечүү боюнча Бишкек протоколу кабыл алынган. Анда эки тарапты элдештирүүдө Кыргыз Республикасынын "легендарлуу парламентинин" салымы зор болгон. Жогорку Кеңештин КМШдагы Парламенттер аралык ассамблеянын мүчөсү катары бул жолу да ортомчулук кылуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок азырынча Баку менен Еревандын кыргыз тараптын жардамына муктаждыгы көрүнбөйт. Армения Орусия менен, Азербайжан Түркия менен акылдашып жатканы айтылып, жазылууда.
Депутаттар “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамды ишке киргизүүнү 2020-жылга жылдырууну сунушташты. Демилге бүгүн парламенттин тармактык комитетинде талкууланды. Демилгечи депутат Аида Салянова сунушун "Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийинки акыркы жарым жылда дүйнөдө жана республикабызда экономикалык кырдаал кескин начарлады. Жумушсуздук күчөдү. Калк милдеттүү камсыздандырууга азырынча даяр эмес" деп негиздеди.
Жарым жыл мурун элдин жашоосу азыркыдан укмуш беле? Жок, албетте. Түздөн-түз элдин чөнтөгүнө байланышкан бул мыйзамды мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алып, азыркы президент кол койгон. ЕАЭБдин шартында элдин турмушу кыйындай турганын ошол учурда эле эске алууга болмок. Бирок анда жагдай башка эле. ЕАЭБге кирерде Кыргыз Республикасы кириптер боло турган кыйынчылыктар мүмкүн болушунча жумшак формада айтылып, бир нече миллиондогон керектөөчүлөр рыногуна жол ачыларына гана басым жасалган. Мына эми жарым жыл өтпөй реалдуулук менен кагышып, мыйзамдарды артка кайтаруу же кийинкиге жылдыруу өңдүү машакаттар жаралууда.
Автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам кол коюлган күндөн 6 айдан кийин же 2016-жылдын февралында күчүнө кирген. Бирок коомчулуктагы катуу сындардан кийин өкмөт камсыздандырбагандарды жоопкерчиликке тартуу мөөнөтүн 2 жыл артка, тактап айтканда, 2018-жылга жылдырган эле. Эми минтип жаңы мыйзам сунушталууда. Өлкө жетекчилиги системдүү иштей албай жатканы көрүнүп турат...
Күтүлүп жаткандай эле бүгүн парламенттин Конституциялык түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер комитети 7-апрелди дем алыш күн катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 4-апрелде “Аксы окуясынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 7-апрелди майрам катары эс алуу күндөрүнө киргизүү сунушу парламентке жөнөтүлгөн эле. Ал эми 17-март менен 24-мартты элдик көтөрүлүштү эскерүү күнү катары белгилөө сунушталды.
Комитетте бир дагы депутат "7-апрелдеги окуянын 17-март менен 24-марттан айырмасы эмнеде, кылсак, үчөөсүн тең дем алыш кылалы" дебеди. Азыркы бийликти ээрге отургузганы үчүн 7-апрелге артыкчылык берилип жаткан жокпу? Президент жакында Аксы, Март, Апрель окуяларын "бир оор жолдун 3 ашуусу" деп атады. Тарыхый кырдаалдан караганда биринчиси - Аксы, экинчиси - Март, үчүнчүсү - Апрель ашуусу... Үчүнчүгө жетүү үчүн сөзсүз алдыдагы ашуулар басып өтүлгөнү көңүлгө алынбай жатат.
7-апрелди "кызыл даталардын" катарына киргизүү сунушу коомчулук тарабынан да учурда кызуу талкууланып жаткан кез. "Ал майрам эмес, бейкүнөө курман болгондорду, өлкөнүн келечеги үчүн курман болгондорду эскерүү күнү болушу керек". Көпчүлүктүн пикири мына ушундай ойдун тегерегине топтолууда.