Бүгүн, 27-апрелде Нурболот Теңизбек туулган күнүн белгилеп жатат. 25 жашка толгон ырчы жигитти өздүк майрамы менен куттуктап, учурда Беларустун Минск шаарында экенин билдик.
“Жеңиш күнүнө карата Беларустагы Кыргыз Республикасынын элчилиги майрамдык маараке уюштуруп, бизди чакырган эле. Кечээ чыгармачылык топ менен Минск шаарына учуп келгенбиз, мекендештерибизге 2 күн концерт коёбуз. Ал эми туулган күнүмдү концерттен кийин өткөрөм”, - дейт Нурболот.