Бишкек шаарында бүгүн, 27-майда мектептерде бүтүрүү кечелери өткөрүлдү. Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартипти сактоо үчүн атайын рейд уюштурулду. SUPER.KG порталына ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Азамат Абдрахманов билдиргендей, учурда милиция эс алуу жайларын, борбордук аянтты, сейил бактарын, шаар көчөлөрүн көзөмөлдөп жатат.
"Ата-энелерден мектеп бүтүрүүчүлөрүнө автоунаа бербөөсүн суранганыбызга карабай унаа айдап чыккан бүтүрүүчүлөр көп болууда. 1 унаага 10-12ден отуруп алып жүргөндөр да бар. Учурда айып пул төлөөчү жайга токтоткон унаалардын саны 300гө чукулдап калды. Бул жайга унаа батпай, унааларды сыртка токтотуп жатабыз", - дейт А.Абдрахманов.
Ал кошумчалагандай, токтотулган унаалардын катарында 4-5 лимузин, жол тандабастар бар.