Бишкек мэри Албек Ибраимов 25-июнь күнү Бишкектин айрым аймактарында иш сапары менен болду. Мэр "Дыйкан" жана "Чынар" базарларында болуп, шаардык кызматтардын жумуштарын текшерди. Ошондой эле Ибраимов, Чүй кең көчөсү менен Ауэзов көчөсүндөгү көпүрөдө жүрүп жаткан оңдоп-түзөө иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал эки күн мурун Панфилов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде күйүп кеткен көп кабаттуу үйгө барып, абал менен таанышты. Жыйынтыгында шаар башчысы район акимдерине базарлардагы баш аламан соода жүргүзүүгө бөгөт коюуну, Жол башкармалыгына оңдоп-түзөө иштерин создуктурбоону тапшырды.