Бүгүн, 26-июнда футбол боюнча Франциядагы Европа чемпиондугунда 3 жарым чейрек финалдык беттеш орун алат. Бул күнү дагы 3 команда мелдештин эшигин сыртынан жапмакчы. Мелдеште чемпиондукка башкы талапкерлер катары саналган Германия курамасы Словакия менен, үй ээси Франция курамасы Ирландия менен ойносо, мелдеште өзүн мыкты көрсөтө алган Венгрия курамасы Бельгия менен беттешмекчи.
ФРАНЦИЯ-ИРЛАНДИЯ
Лион шаары. "Стад-де-Лион" стадиону
Калыс: Никола Риццоли (Италия)
Башталышы: 19:00 (Бишкек сааты боюнча)
ГЕРМАНИЯ-СЛОВАКИЯ
Лилль шаары. "Пьер Моруа" стадиону
Калыс: Шимон Марчиняк (Польша)
Башталышы: 22:00 (Бишкек сааты боюнча)
ВЕНГРИЯ-БЕЛЬГИЯ
Тулуза шаары. "Стадьом-де-Тулуз" стадиону
Калыс: Милорад Мажич (Сербия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)